Санкт-Петербургда Кыргызстанды жарнамалоо өнөктүгү аяктады

  23.05.13   11:11
 292

Санкт-Петербургда Кыргызстандагы туризмди жарнамалаган өнөктүк соңуна чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

2012-жылы Санкт-Петербургга жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Россиянын түндүк борборунун губернатору Георгий Полтавченко менен жарнама долбоору тууралуу макулдашкан.

Кыргызстанга келүүгө чакырган социалдык жарнама бир ай бою эл көп жүргөн жайларда, аянттар менен көчөлөрдө, маршруттук таксилерде, эскалаторлор менен метролордо илинген. Плакаттар менен фото сүрөттөрдө Кыргызстандын уникалдуу эс алуучу жайлары "Кыргыз Республикасына кош келиңиздер!" деген жазуу чагылдырылган.

"Өнөктүктүн негизги максаты - Кыргызстанга туристтерди жана инвесторлорду тартуу болгон",- деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224403

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.