Атамбаев Обамага торнадого байланыштуу көңүл айтты

  23.05.13   11:23
 208

Кечээ, 22-майда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттардын президенти Барак Обамага Оклахома штатында болгон кыйраткыч торнадого байланыштуу көңүл айтты.

"Сиздин улуу урматыңызга,

көп адамдардын өмүрүн алып кеткен Оклахома штатында болгон өкүнүчтүү кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтууну, ал эми бул кырсыктан жабыркагандарга тезирээк айыгып кетүүнү билдирип коюуңузду өтүнөм",- деп айтылат көңүл айтуу текстинде.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224405

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.