Жогорку соттун имаратынын алдына Сабировду колдоп митингге чыгышты

  23.05.13   11:41
 314

Бүгүн, 23-майда Жогорку соттун имаратынын алдына коррупция боюнча айыпталып камакка алынган экс-министр Равшан Сабировду колдоп митингге чыгышты. Акцияга 50гө жакын адам катышууда. Алардын басымдуу бөлүгү Ош облусунун Жаңы-Арык айылындагы Сабировдун айылдаштары.

Сабировдун мугалими Таттуу Шерматованын айтымында, алар Бишкек шаардык сотунун өкүмүнө нааразы.

"Сабировдун камакка алынгандыгын жаңылыктардан көрүп мен аябай таң калдым. Ал биз үчүн көп жакшы иштерди жасаган. Мечит салдырып, оорулуларга жардам берген", - деди ал.

Эскерте кетсек, 7-мартта Бишкек шаардык соту Сабировдун мүлкүн конфискациялоо менен 5 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224408

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.