28-майда опера жана балет театрында балет артисттеринин чоң кечеси болот

  23.05.13   12:26
 355

28-май күнү Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында балет артисттеринин чоң кечеси өткөрүлөөрү күтүлүүдө. Бул кечеге Россиянын атактуу Марин театрынын бийчилери, эл аралык сыйлыктардын ээси болгон казак бийчилери жана улуу көчтү улап учурда жылдызы жана баштаган кыргыз балет бийчилери катышмакчы. Кеченин өткөрүлүшү тууралуу аталган театрдын башкы директору Тимур Саламатов төмөндөгүлөргө токтолду.

"Санк-Петербург шаарында Ваганова аттуу бийчилердин окуу жайы бар. Биздин Бүбүсара Бейшеналиева, Уран Сарбагышов баштаган бийчилердин баары ошол окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү. Кыскача айтканда, кыргыз балет жылдыздарынын көпчүлүгү ошол окуу жайдан аяктаган. Азыр Россияда ошол окуу жайдын 200жылдыгы белгиленип жаткан кез. Биз да ошол мааракени белгилөө максатында биздин сахнабызда балет кечеси белгиленет. Ал кечеде Ваганова окуу жайын бүткөн адистер, ошол окуу жайды аяктап ардагер болгон окутуучулардын окуучулары бийлешет. Бул күнү Ваганова училищасына тиешелүү адамдардын баары чогулуп кайталангыс балет кечеси өткөрүлөт", -дейт Саламатов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224409

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.