Эртең манасчы Уркаш Мамбеталиевди эскеришет

  23.05.13   12:09
 271

Сагынбай, Саякбай манасчы аталарыбыздын көчүн улаган Уркаш Мамбеталиевдин көзү тирүү болгондо келерки жылы 80-жашка толуп, маарекесин белгилемек. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянсак, эртен 24-майда Кыргыз Республикасынын эл артисти Уркаш Мамбеталиевдин жаркын элесине арналган илимий-практикалык конференция өткөрүлөөрү күтүлүүдө.

Конференциянын ишинде вице-премьер-министр Камила Талиеванын "Улуу салтты улаган Уркаш агабыз" аттуу баяндамасы окулат. Ошондой эле акын, жазуучулар, Жогорку Кеңештин депутаттары катышып сөз сүйлөшөт.

Маалымат үчүн

Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы 8-мартта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган. Мектептин жетинчи классын аяктаган соң, Фрунзе шаарындагы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына өтөт. Кийин Ысык-Көл облустук драма театрында актёр болуп эмгек жолун баштаган. Андан соң, Токтогул Сатылганов атындагы филармониясында манасчы катары өмүр бою иштеген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224411

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.