Москва районунда жол кырсыгынан айдоочу жана жүргүнчү каза болду

  23.05.13   12:05
 261

Кечээ, 22-майда таңкы сааты 6:00 чамасында Бишкек - Чалдыбар автожолунун 47-чакырымында жол кырсыгы катталыды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Петровка айылынан Ош шаарынын 52-жаштагы тургуну "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунааны айда келе жатып, башкара албай калгандыктан бакты барып сүзгөн.

Анын кесепетинен айдоочу жана анын жанындагы жүргүнчүсү, 53 жаштагы Сокулук районунун тургуну окуя болгон жерден жан беришкен.

20 жаштагы дагы бир жүргүнчү алган жаратынан улам аймактык ооруканага жеткирилген

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224412

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.