Паспортсуз добуш берүү системасын киргизүү үчүн 30 млн доллар керектелет

  23.05.13   12:20
 263

2015-жылы шайлоо өткөрүү үчүн керектелүүчү жалбдык 30 млн доллар турат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жабдыктын негизинде Кыргызстандын жарандары паспорту жок добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу мүмкүн.

"БШКга жабдыктардын жарманкесин өткөрүү тапшырмасы берилген. Биздин эсеп боюнча андай жабдык 30 млн доллардын тегерегин түзөт. Албетте, мамлекет үчүн эң ыңгайлуу вариантты тандап алуу маанилүү",- деди Нарымбаев.

Эскерте кетсек, кечээ 22-майда президент Атамбаев "Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюлду. Ага ылайык шайлоо процессин өркүндөтүү жана 2015-жылы парламенттик шайлоолорду жана кийинки шайлоолорду ак ниет жана ачык камсыз кылуу максатында токтом кылынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224414

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.