Кадамжайда мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал табылды

  23.05.13   12:36
 290

2013-жылдын 5 ай ичинде "Арсенал" операциясынын журүшүндө Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал табылды.

Кадамжай РИИБнин УБСнын ага инспектору, милициянын майору Абдуталип Камардиновдун айтымында, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми атайын каттоодо турган сайсыз ок атуучу куралы бар 118 жаран текшерилип, 28 жаранга административдик тартипте протокол түзүлүп, чара көрүлгөн. 33 жаран ок атуучу куралын мыйзамдаштырып берүүнү суранып, өз ыктыяры менен милиция бөлүмүнө тапшырышкан.

Эскерте кетсек, 2010-жылдын апрель жана июнь айларында жоголгон мыйзамсыз ок атуучу курал-жарак жардыргыч заттарды сактап жүргөн жарандарды аныктоо жана кайтарып алуу максатында Кадамжай район аймагында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224416

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.