Волейбол: "Ош Бажы-Карасуу" улуттук лигада үчүнчү ирет ийгиликке жетишти

  23.05.13   13:35
 309

"Ош Бажы-Карасуу" командасы Улуттук лига командалар арасындагы чемпионатта үчүнчү ирет катары менен жеңиштке жетип жатат.

Кыргызстандын волейбол федерациясынын берген маалыматына ылайык, "Ош Бажы-Карасуу" турдун үчүнчү күнүндө өлкө чемпионатынын коло байгесине талапкер болгон "Динамо МВД"ни 3:2 эсеби менен утту.

Ошондой эле үчүнчү күндүн алкагында лидер "Салам-Алик" дагы бир коло байгеге талапкер "ВВ МВД+К" командасын утуп чыкты. "Жыңы Муун" тобу эч кимге күтүүсүз болбогон жеңишке чемпионаттын аутсайдери "Уларды" 3:0 эсеби менен эки чайнап бир жутуп жетишти.

Эске салсак, "Ош Бажы-Карасуу" алгачкы эки жеңишине "Жаңы Муун" (3:0) жана "ВВ МВД+К" (3:1) эсеби менен утуп жетишкен. Ушул ийгиликтердин аркасы менен бажычылар топтогон упайлардын суммасы менен коло байгесине талапкер командаларга катарлаш болду.

Натыйжасында чемпионаттын лидери "Салам-Алик"24 упай топтосо, алардан бир упай артта "Жаңы Муун" келе жатат. "ВВ МВД+К" менен "Динамо МВД" экөөндө бирдей 19 упайдан. Бешинчи "Ош Бажы-Карасуу" (18 упай) жана акыркы орунда бишкектик "Улар" (14 упай).

23-майга карата оюндардын ирети:

- "Ош Бажы-Карасуу" - "Улар";

- "Салам-Алик" - "Динамо МВД";

- "Жаны Муун" - "ВВ МВД+К".

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224420

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.