Орус драмтеатрынын директору спектаклди үзгүлтүккө учуратты

  23.05.13   13:54
 255

"Орус драмтеатрында чыгармачылык түшүнбөстүк болгону калды көрүнөт. Буга себеп, "Тынчтык жумасы" спектаклинин цензурадан өтпөй калып, анын премьерасынын үзгүлтүккө учураганы", - деп бүгүн, 23-майда басма сөз жыйыны учурунда "Штаб" (школа теории активизма - активизм теориясынын мектеби) коомдук бирикменин көркөм жетекчиси Георгий Мамедов айтты.

Анын айтымында, драмтеатрдын директору Александр Кулинский премьерага бир күн калганда, имаратты ижарага берүүдөн баш тарткан.

Кулинский өзү бул жоругун пьесада Кыргызстанга такыр тиешеси жок Россия Федерациясынын мыйзамындагы маселелер тууралуу талкууланат. Жогору жактан телефон чалуу болуп, анда бул чыгарманы провокациялык жана Орус православ чиркөөсүн сындайт деп баа беришкен. Эгер пьесанын ичинен ошол бөлүктөрү алынса, ал театрдын залын бошотуп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Ольга Житлинанын "Тынчтык жумасы" спектакли орус мыйзамындагы аялдардын абортко укугу туурасында баяндайт. Ал мыйзамдарга ылайык, 8-10 жума боюнда бар аял аборт жасоо үчүн жети күндөн кийин гана медициналык мекемеге кайрылышы керек. Спектаклдин премьерасы Москвада болуп өттү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224422

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.