Премьер министрлер кабинетинин айрым каталарын мойнуна алды

  23.05.13   14:15
 230

Бүгүн, 23-майда парламенттин пленардык жыйынында 2012-жылы үчүн өкмөттүн отчету талкууланып жаткан кезде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев эмне үчүн энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов кызматынан бошотулуп, анын ордуна Осмонбек Артыкбаев дайындалганын айтты.

Сатыбалдиев өткөн жылдын соңуда болгон министрлер кабинетинин жыйынында ал министрден "жылытуу мезгилине даярдык кандай?",- деп сураганда, аны "кышка баары даяр болот" деп ынандырышканын айтат.

"Бирок кышында кандай маселе келип чыкканын биз көрдүк", - дейт премьер.

Парламент жыйынында Надира Нарматова Сатыбалдиевди "министрлер кабинети жылытуу мезгилине байланышкан маселени гана эмес, саламаттыкты сактоо тармагында, негизинен дарыны мамлекеттик сатып алууда дагы маселе чечпей жатат" деп жемеледи. Өкмөт башчы бул жагдай чечиле турганын айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224423

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.