"Тынчтык жумасынын" токтотулгандыгын провокациялык мазмуну менен түшүндүрүштү

  23.05.13   14:10
 248

Кечээ, 22-майда Чынгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын жетекчилиги "Тынчтык жумасы" спектаклинин премьерасын токтуусун чечти. Бул тууралуу театрдын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүдө бул чечимдин себеби "спектаклдин провокациялык мазмунуна" байланыштуу деп түшүндүрүштү.

Басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, "ШТАБ" коомдук бирикмесинин жетекчилери, театрдын жетекчилигин спектаклдин мазмунун тууралуу айтып бербегендигине байланыштуу, анын премьерасын токтотуу чечими эки күн мурун кабыл алынды.

"ШТАБ"дын жетекчилерине алгач спектаклди театрдын көркөм кеңешине көрсөтүп берүү сунушталды. Кийин кеңеш чыгарган корутундунун негизинде спектаклдин андан аркы тагдыры чечилмек. Бирок "ШТАБ"дын жетекчилери конфликт чечүүнүн мындай жолуна баруудан баш тартышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224424

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.