Ксения Палкина ITF турнириндеги жуп мелдеште жарым финалга чыкты

  23.05.13   14:30
 289

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина даниялык Малу Эйдесгаард менен биргеликте Италияда өтүп жаткан ITF турниринин жарым финалына жетти. Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайтында кабарландандай, жарым финалга чыгуу үчүн Палкина – Эйдесгаард дуэти аргентиналык Майлен Ауру – Каролина Зеболласты утушкан. Матч 6:1, 6:4 эсеби менен жыйынтыкталган.

Эске салсак, биринчи айлампада кыргызстан менен даниялык жуп италиялык Дебора Кручиани менен Наташа Пилудуну жеңип чыгып, чейрек финалга жолдомо алган. Эми финалга чыгуу үчүн алар румыниялык Елена Богдан – Кристина Дину менен бир матч өткөрүшү керек.

Белгилей кетсек, жалгыз разрядда Палкина старттык матчын Италияык Анне Флориске уттурган.

Турнир ITF эл аралык федерациясынын карамагында өтүп, 26-майда жыйынтыкталат. Турнирдин жалпы байге фонду 25 миң доллар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224427

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.