ЭВФ Борбор Азиядагы банктардын көз карандысыздыгын бекемдөөгө кеңеш берди

  23.05.13   15:04
 286

"Бишкекте Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн "Өткөөл мезгилдин жана келечектин жолу" деген аталыштагы эл аралык жыйыны болду. Ал КРдин Улуттук банкы, Эл аралык валюта фонду, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы менен SECO тарабынан уюштурулган",- деп маалымдайт Улуттук банктын басма сөз кызматы.

"Кавказ жана Борбор Азия мамлекеттери каржылык-насыя берүүчү мекемелерге көзөмөлдү күчөтүүсү жана борбордук банктардын көз карандысыздыгын бекемдеши керек",- деди жыйында Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия өлкөлөрү департаментинин директорунун орун басары Юха Кахконен.

Ал аталган өлкөлөрдүн экономикасы жогорку деңгээде долларлаштырууга туш болуп жатканын белгиледи. "Бул өлкөлөрдүн каржылык тармагы жетишерлик өнүккөн эмес. Инфляциянын деңгээли туруксуз. Аны төмөндөтүү боюнча баардык иш-чараларды кабыл алуу зарыл ",-дейт эксперт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224428

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.