Бишкекте 9 жашар кыз хомяктарды уурдап кеткен

  23.05.13   15:44
 261

Милицияга Бишкектин 8-кичи районундагы ZOO дүкөнүнүн 22 жаштагы сатуучусу анын 5 хомягы жоголуп кеткендиган айтып арыз менен кайрылган. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, хомяктарды уурдаган 9 жаштагы мектеп окуучусу Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлери таратынан колго түшүрүлгөн. Милиция кыздын ата-энесин чакырып алар менен бирдикте профилактикалык маектешүү өткөрүп, кыз Октябрь райондук ИИБнын өспүрүмдөрдүн иши боюнча инспекциясынын каттосуна алынган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224432

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.