Жылдызкан Жолдошова Кыргызстандагы коопсуздук менен камсыздоого кабатырланды

  23.05.13   15:47
 298

Бүгүн, 23-майда 2012-жылдагы өкмөттүн отчетун караган пленардык жыйында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева күч органдарынан Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кандай иштер аткарылып жатканына кызыкты.

Коопсуздук, коргонуу жана мамлекеттик чегара боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Афганистандан аскерлердин чыгарылышына даярдыкка жана бул процесс менен байланышкан теракттарды алдын алуу, эскертүү боюнча ыкчам иш-аракеттерди көрүп жатканына токтолду.

УКМКнын өкүлдөрү Атахановдун сөзүн тастыкташты жана Кыргызстанда экстремизмди алдына алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдиришти. Жолдошова ошондой эле учурдагы чегара көзөмөлү боюнча маселелерге тынчсызданды. Күч органдары учурда түштүк чектерде аскер кызматкерлеринин саны көбөйтүлүп жатканын белгилешти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224433

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.