Милиция адамдарды сабаган өспүрүмдөр тобунун мүчөлөрүн колго түшүрдү

  23.05.13   16:09
 244

Ары-бери өткөн шаар тургундарын ур-токмокко алган өспүрүмдөр тобунун мүчөлөрү колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Малыматка ылайык, акыркы жолу алар 25 жашар Чүй облусунун тургунун сабашкан. Курамы 10 адамдан турган жаш балдар тобу жабыркаган адамга Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кезилишинен тоноо максатында кол салышкан. Аны ур токмокко алып андан соң акчасы менен уюлдук телефонун тартып алышкан.

Свердлов райондук милиция кызматкерлери тарабынан топтун 2 мүчөсү колго түшүрүлгөн. Учурда калган мүчөлөрүнө издөө салынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224434

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.