Сатыбалдиевден Бабановдун долбоорлорунун тагдыры эмне болгонун сурашты

  23.05.13   16:11
 270

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никиткено бүгүн, 23-майда парламентте болгон жыйында өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевден Өмүрбек Бабановдун "жакшы 40 долбоорунан эмне мураска калганын" сурады.

"Мен бир нече жолу бул долбоорлор кандай болот деп кызыккам, бирок алардын эмне болгонун эч ким билбейт экен",- дейт Никитенко.

Сатыбалдиев баардык долбоорлор Кыргызстандын өнүгүү стратегиясына киргизилгенин эскертти. "Алардын көбү каржыланып жатат, бирок айрымдарынын ал тургай техникалык-экономикалык негиздемелери да жок. Азыр долбоорлордун саны 77ге чейин көбөйдү. Тилекке каршы, Кытай - Кыргызстан - Өзбекистан темир жолу, Камбар-Ата 1-ГЭСи жана Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктире турган унаа жолу каржылык жактан бекитилген эмес. Калган долбоорлор өздөрүнүн каржылоо пландары менен сунушталган",- дейт Сатыбалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224435

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.