Токон Мамытов: Ворух анклавын айланып өткөн жолду куруу токтотулду

  23.05.13   16:12
 263

"Тажикстандын Ворух анклавын айланып өткөн жолду куруу токтотулду". Бул тууралуу бүгүн, 23-майда журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов билдирди.

Ал апрелдин соңунда Баткен облусунун аймагында жергиликтүү тургундар менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда Ворух анклавын айланып өткөн жолду курууга байланыштуу чыр-чатак келип чыккандыгын эске салып өттү.

"Бул окуядан кийин жолдун курулушу токтоп калды. Учурда жоопкерчиликтүү жактар Тажиксатндын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул убактылуу гана, жакын арада курулуш кайра башталат", - деди Мамытов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224436

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.