Сатыбалдиев: Сenterra "Кумтөр" боюнча жаңы салыктарга макул болгон жок

  23.05.13   16:13
 278

"Канаданын Сenterra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр" боюнча жаңы салыктарга макул болгон жок",- деп билдирди бүгүн, 23-майда парламенттин пленардык жыйынында 2012-жыл үчүн өкмөттүн отчету талкууланып жаткан кезде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев.

Анын айтымында, сүйлөшүү маалында кыргыз тарап салык боюнча жаңы шарттарды сунуштаган. "Бирок Сenterra буга макул болгон жок жана өзүнүн сунушун айтты. Биз азыр мунун үстүндө иштеп жатабыз. Чечим кабыл алына элек",- дейт Сатыбалдиев.

"Алар Centerra компаниясынын директорлор кеңешинде 50 жана 50 пропорциясы, башкача айтканда, теңме-тең директорлор кеңешинин курамы болууга тийиш дегенге макул болушту. Ошол эле маалда кеңештин директору жыл сайын алмашып турат. Иш создугуп кетти, бирок "Кумтөрдун" иши бир да күн токтогон жок",- дейт Сатыбалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224437

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.