Быйыл күздө парламенттин 75 жылдык маарекеси белгиленет

  23.05.13   16:31
 224

Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 75 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө" Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Маареке Кыргызстанга шериктеш өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле, токтом аркылуу кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү иштерин уюштуруу максатында, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков башында турган уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына фракция башчылары, бир катар тармактык комитеттердин төрагалары, өкмөт мүчөлөрү жана башка кызмат адамдары кирди.

Андан сырткары, уюштуруу комитетине мааракелик иш- чараларды уюштуруу жана өткөрүү планын жана программасын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетине жүктөлдү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224442

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.