Эртең Бишкектин айрым райондорунда жана Чүйдүн айылдарында электр энергиясы өчөт

  23.05.13   16:43
 262

Эртең, 24-майда саат 9-00дөн 17-00гө чейин Бишкектеги "Мурас-Ордо", "Жеңиш"конуштарында, Элебесов көчөсүнөн тарта Васильев көчөсүнөн кургак учур ооруканасынын районуна чейин, Яблочный жана Иртыш кичи көчөлөрүндө, Түркская көчөсүндө электр энергия өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан билдиришет.

Ушул эле убакта Аламүдүн районундагы Озерное, Теңдик, Лесхоз, Степное, Достук, Мраморное, Рассвет айылдарында, Маевка айылынын (Восточная, Молодая Гвардия, Сельская, Строительная, Больничная, Школьная көчөлөрүндө), Ленин айылынын (ПМК-3 районунда жана ӨКМ бөлүктөрүндө), Мыкан айылынын (Линейная көчөсүндө), Жайыл районуна караштуу Ийри-Суу айылынын (Центральная көчөсүндө), Жайыл айылынын (Центральная көчөсүндө) электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.

Жогоруда белгиленген аймактарда "Түндүк электр" ААКсы трансформатордук көмөкчордондорду техникалык тейлөөдөн өткөрүп, "Нижняя Ала-Арча", "Майская" көмөкчордондорунда, 6/0,4 кВ аба электр берүү чубалгыларынын зымдарын тарттырып, бүлүнгөн изоляторлорду алмаштырып, өсүп кеткен бак-бутактарды тазалоо иштерине байланыштуу жарык өчүрүлөт.

Ошондой эле "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ААКсы жогорку вольттогу 220/110/10 кВ "Главная" көмөкчордонунда оңдоо иштерин жүргүзөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224443

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.