Таласта "Хип-Хоп" бий фестивалы өттү

  23.05.13   16:41
 421

Жакында Талас шаарынын Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде "Хип-Хоп" бий фестивалы болду. Бул иш-чара "Жаштар үмүтү" коомдук уюму жана ыктыярчы Девид Малана тарабынан уюштурулду.

Фестивалга облустун ар кайсы райондорунан келген бийчилери катышты. Жалпысынан 7 бийчилер тобу жана 16 бийчи таймашты.

Алгач борбордук аянтта "Батл" - ар бир бийчи жеке өнөрлөрүн тартуулаган программасы болуп өттү. Андан соӊ музыкалык мектептин залында топтор арасындагы сынак болду.

Уюштуруучу "Жаштар үмүтү" коомдук уюмунун жетекчиси Салтанат Мамбетисаева: "Биздин негизги максат - жаштарды бийге тартып, бийдин искусствосу менен кенен тааныштыруу. "Хип-Хоп" англис тилинен кыргызчага которгондо үмүт деген маанини билдирет. Биз жаштарга үмүт бергибиз келет. Ал эми фестивалдан чогулган акчаны балдар үйүнө бергенди көздөгөнбүз. Албетте, мындай иш-чараларда калыстар тобунун баа берүүсү абдан маанилүү.Ошондуктан калыстар калыс баалоо үчүн атайын адистерди борбордон чакырып бейтарап баалаган адамдарды тандадык ", -деди ал.

"Кыргызстандын башка облустарында бийдин бул түрүнө кызыгуу анчейин эмес.Бирок Таласта абдан кызыгышат экен.Ошондой эле кыргыз стилдеги америкалык бийлерди бийлегени таӊ калтырды.Мен жаш балдардын мынчалык жакшы бийлегенин көргөн эмесмин",- дейт калыстар тобунун мүчөсү "Тынчтык" корпусунун ыктыярчысы Ренди

Жыйынтыгында Талас шаарынын " Сити Донск Микс" командасы баш байгеге ээ болушту. Ошондой эле жакшы бийлеген бийчилер белектер менен сыйланышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224444

 Комментарийлер:
#1 Бишкек
2013-05-23 17:06:01 Цитата / 0 / -

Таласта только курошуп бийлешет. Брейк не для них

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.