НАТОнун аскер жүгүн ташуу тууралуу эл аралык келишим кайра кайтарылды

  23.05.13   16:43
 337

Жогорку Кеңеште НАТОнун аскер жүгүн ташуу ишин жөнгө салууга багытталган "Чикаго шаарында (АКШ) 2012-жылдын 22-майында кол коюлган, Коопсуздукка көмөктөшүү эл аралык күчтөрүнүн Кыргызстандын аймагы аркылуу жер менен ташылуучу жүктөрүнүн транзитине карата КРдин өкмөтү менен Түндүк атлантика келишим уюмунун ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, КРдин өкмөтүнө кайра кайтарылып берилди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановдун айтымында, бул эл аралык келишимге Россия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өкмөттөрү тарабынан кол коюлган. Келишимге ылайык, Афганистандан Кыргызстанга, Кыргызстандан Афганистанга жүк ташуу иштерине кыргыз авто жүк ташуучулары гана тартылат. Аларды НАТО өзү тандап алууга тийиш. Келишим кол коюлган күндөн тартып иштеп жатат. Эми аны ратификациялап, мыйзамдаштыруу милдети турат.

Талкуу жүрүшүндө келишим парламент тарабынан ратификацияланбай туруп, кол коюлган күндөн тартып иштеп жаткандыгы, ташылган жүк парламенттин макулдугусуз эле тышкы иштер министри тарабынан бошотулгандыгы белгилүү болду. Бир катар депутаттардын пикиринде, мындай аракет улуттук мыйзам таптарына да, Кыргызстандын кызыкчылыгына да туура келбейт, келишимде каралган баардык жагдайлар кайрадан иликтенип чыгуусу зарыл.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224445

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.