Юридикалык аталыштарды жазуу мыйзам аркылуу иретке келтирилет

  23.05.13   16:44
 248

Жогорку Кеңеште мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактардын аталыштарын мамлекеттик жана расмий тилде колдонулган тамга менен жазууга багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн "Юридикалык жактарды, филиалдарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизилүүгө тийиш. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Тармактык комитеттин төрагасы Эркинбек Алымбековдун айтымында, буга чейин мамлекеттик каттоо жүрүшүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүнүгү бар юридикалык жактардын аталыштарын латын же дагы башка тамгаларда жазууга улуксаат берилгендиктен, ал көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жаратып, ар кандай чаташууларга алып келүүдө. Ошондуктан, алардын жазылышын кириллицага өткөрүү менен, иретке келтирүү зарылчылыгы бар.

Белгилей кетчү нерсе, мындай талаптын мурда катталган, аталышы брендге айланып калган чет өлкөлүк юридикалык жактарга эч тиешеси жок. Ошону менен бирге, аларга мамлекеттик каттоодон өткөндө өз тилиндеги аталышын кошумча жазып коюуга да жол берилет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224446

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.