Премьер: Мен коомчулукка эскирге машина менен жүрбөгүлө деп тыюу сала албайм

  23.05.13   18:09
 272

"Адамдар кандай унаага акчасы жетсе, ошондой унаа алып айдап жатышат. Ал эми жол кырсыгынын көп болуп жаткандыгына мамлекет күнөөлүү". Мындай пикирин "Ата-Журт" фракциясынан депутат Дастанбек Жумабеков бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2012-жылга карата отчёту менен таанышып жаткан учурда билдирди.

Анын айтымында коомчулук эски автоунааларды айдап жүргөндүктөн жол кырсыгы жана анын кесепетинен адам өлүмү көп катталууда.

Өз кезегинде премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, коомчулукка эскирген машина менен жүрбөгүлө деп тыюу сала албай тургандыгын айтты.

"Биз либералдык экономиканы тандап алдык. Эл эски машиналарды сатып алып жатат жана ага эч ким тыюу сала албайт. Өз убагында өлкөдө оң рулдуу автоунааларды айдоого тыюу сала алган жокпуз. Андыктан кандай машина айдаса ар кимдин өз эрки", - деди ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224449

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.