Самсониянын адвокаттары ага айып салууну гана суранышууда

  23.05.13   18:17
 333

Бүгүн, 23-майда Биринчи Май райондук сотунда 2012-жылы "Манас" аэропортунан колго түшүрүлгөн грузиялык мыйзамдагы ууру Илья Самсониянын ишине байланыштуу соттук отурумда адвокаттары аны актап, жазасын айып менен чектөөнү суранышты.

Адвокаттар ага коюлуп жаткан айыптар оор кылмыштуулук менен байланышы жок экендигин ишенимдүү билдиришти. Мамлекеттик айыптоочулардын аны 10 жылга эркинен ажыратууну суранып жаткандыгы өтө эле катуу жаза экендигин айтышты.

"Соттогу күбөлөр Самсониянын өздүгүн алар аныктагандыгын айтышты. Бирок андай эмес. Ал кармалганда эле Самсония экендигин мойнуна алып, милиция кызматкерлерине маалымдаган жана ал эч кимден жашынган эмес", - деди адвокат Чолпон Темирбаева.

Эскерте кетсек, Самсония Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Жасалма документ алып жүрүү" деген эки беренесине ылайык айыпталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224450

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.