Мамлекеттик айыптоочу Илья Самсонияны 10 жыл эркинен ажыратууну суранды

  23.05.13   18:14
 316

Бүгүн, 23-майда Биринчи Май райондук сотунда 2012-жылы "Манас" аэропортунан колго түшүрүлгөн грузиялык мыйзамдагы ууру Илья Самсониянын ишине байланыштуу соттук отурум болуп жаткан учурда мамлекекттик айыптоочу Кыял Усупбаева айыпталуучуну шарттуу түрдө 10 жылга эркинен ажыратууну суранды.

Анын айтымында, териштирүү учурунда Уюушкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Самсонияга паспорт берилгендиги тууралуу күбө Артыкова сурак берген. Алардын бардыгы Илья Самсония мыйзамдагы ууру экендигин жана ал "Манас" аэропортунан мыйзамсыз чек араны кесип өткөндүгүн айтышкан.

"Анын иши менен таанышып чыгып, мамлекеттик айыптоочу катары Самсонияны 10 жыл эркинен ажыратып, жазасын катуу режимдеги абакта өтөөсүн сунуштайм", - деди Усупбаева.

Эскерте кетсек, Самсония Кыргызстандын Кылмыш жана жаза кодексинин "Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Жасалма документ алып жүрүү" деген эки беренесине ылайык айыпталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224451

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.