Депутаттар Сатыбалдиевдин үнүнөн энтузиазмды байкашкан жок

  23.05.13   18:20
 316

"Коомчулук соттук реформага нааразы. Соттор кеңешинин мүчөлөрүн тандоодо коррупциялык схемалар дагы деле болду. Аларды жок кылуу керек. Соттор көпчүлүк учурда адилетсиз чечим чыгарып жатышат". Мындай пикирин бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2012-жылга карата отчёту менен таанышып жаткан учурда "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди.

"Ата-Журт" фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев кесиптештерин өкмөттүн отчётун кунт коюу менен угууга чакырып, премьердин үнүнөн энтузиазм байкабай жаткандыгын кошумчалады.

"Сиз же чарчап калгансыз же иштегиңиз келбей жатат. Мамлекеттин келечегин ойлош керек. Сиз өзүңүздүн отчётуңузда министрлердин ишине баа берген жоксуз. Алар суткасына 24 саат бою иштеши керек. Ала эми сиздин министрлериңиз дайым эле иш сапарында же ооруп калышат", - деди депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224452

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.