Атамбаев менен Путин ГЭСтин жерпайын түптөөнү телекөпүрө аркылуу көрөт

  24.05.13   07:51
 315

Нарын областында 28-майда Жогорку Нарын каскады ГЭСинин бетонунун алгачкы кубометрин түптөө боюнча расмий иш-чара болот. Бул тууралуу кечээ, 23-майда "ВБ"га өкмөттүн басма сөз кызматынын кызматкери Марат Кыдыралиев маалымдады.

Анын айтымында, расмий салтанатка Энергетика жана өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле "РусГидро" ачык акционердик коомунун башкаруу төрагасы Евгений Дод катышмакчы.

"Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Жогорку Нарын каскады ГЭСинин бетонунун алгачкы кубометрин төшөөнү Бишкектен теле көпүрө аркылуу күбө болушмакчы",- дейт Кыдыралиев.

Эскерте кетсек, каскад ГЭСине капсула төшөө 2012-жылдын 20-октябрында болгон.

Жогорку Нарын каскады ГЭСинин курамына Ак-Булуң ГЭСи, Нарын 1, Нарын 2- ГЭСи жана Нарын 3-ГЭСтери кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224455

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.