КР ички иштер министрлиги мектеп-интернат үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрдү

  24.05.13   07:55
 382

Кечээ, 23- майда, КР ички иштер министрлиги ОБСЕнин Бишкектеги борборунун каржылык колдоосу менен кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Иш-чара Красная Речка мектеп-интернатында болду. Анда жетим балдарга жана майыптарга 80 миң сомдук белектер таркатылды.

Акцияга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов жана ОБСЕнин Бишкектеги борборунун аскердик-саясат бөлүмүнүн жетекчиси Росс Браун катышты. Алардын жетекчилиги алдында чоң муздаткыч камера, плазма сыналгы, спорттук шаймандар жана бир канча куту оюнчуктар, таттуулар тапшырылды.

ИИМ Академиясынын курсанттары театралдык көрсөтүү жана концерт тартуулашты.

"Ар бир баланын бактылуу балалыкка укугу бар. Алардын жашоосу тынч болуп, жамандыктардан корголушу керек. Ар бир баланын талантын өнүктүрүп, кыялдарын ишке ашыруу зарыл", - деди Росс Браун интернатка белектерди тапшырып жатып.

Эске салсак, Красная Речка балдар үйүндө 100дөн ашуун акыл-эси кем жетим балдар жана майыптар тарбияланат. Мектеп жашындагы балдардан турган интернатта Бишкек жана Чүй облусунан келген балдар кабыл алынат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224457

 Комментарийлер:
#1 алтынай
2015-11-28 21:25:34 Цитата / 0 / -

Саламатсыздарбы мен Ош обл. Менин синдим азыркы учурда 11жашта майып баса албайт диагнозу гидроцефалия аны мектепке окутуп билим алуусун каалайт элек Бишкектеги майып балдар интернаты бар деп уккан болчумун ошол интернат мектеп жонундо маалымат бере аласыздарбы кантип кимге кайрылып киргизсек болот.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.