Кыргызстанда энелердин өлүмү көйгөйү эң курч бойдон калууда

  24.05.13   08:00
 291

Өкмөттүк деңгээлде энелердин өлүмүн кыскартуу боюнча тездетилген ыкманы колдонуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу БУУнун калк тармагындагы Фонддун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, эксперттер энелердин өлүмү боюнча медициналык жана медициналык эмес себептерин талдап, аны кыскартуу боюнча улуттук план иштеп чыгышты.

Эне-баланы коргоо Улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев, энелердин өлүмүн кыскартуу боюнча иш алып барууда бир канча сунушун билдирди. "Мындай максатка жетүү үчүн төрөт үйүндөгү материалдык-техникалык базаларды жаңылоо керек. Ошондой эле, жабдыктар, дары-дармектер, кан жана өз ишин мыкты билген адистер менен камсыз кылуу зарыл. Бул багытта канчалык тез чечим кабыл алып, ишке ашырсак максатка ошончолук тез жетебиз", - деди профессор.

Маалыматка караганда, ооруканага келген боюнда бар айымдардын 70 пайызынан көбү аз кандуулук менен жабыркашат. Ал эми энелердин өлүмү мурункудай эле жогорку көрсөткүчтө турат. Былтыр төрөт маалында 50дөн ашуун аял каза болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224459

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.