"Электр жана почта байланыш жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизилди

  24.05.13   08:43
 324

22-майында өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Электр жана почта байланыш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишмердик жасаган адамдын укукка каршы ишмердигине байланышкан кылмыштардын алдын алуу, бөгөт коюу жана анын бетин ачуу максатында кабыл алынган ("Интернет" компьютер тармагында экстремисттик багыттагы материалдарды таркатуу).

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамдын 40-беренесине байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги киргизилип, экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224461

 Комментарийлер:
#1 Залкар
2013-05-24 10:18:20 Цитата / 0 / -

Электр???? Балким Электрондук?

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.