Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалыды

  24.05.13   08:54
 359

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалыды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ИИБга жергиликтүү тургундан бир айдан бер аны жетекчиси кызматтан кетирем деп коркутуп, ордун сактап калуу үчүн 13 миң сом талап кылып жаткандыгын айтып арыз менен кайрылган.

Чогулган материалдардын негизинде айыл өкмөтүнө "Пара алуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө ишин жүргүзүүнүн натыйжасында, айыл өкмөтү белги салынган акчаларды алып жаткан жерден колго түшүрүлгөн.

Учурда Ош ИИБнын тергөө бөлүмү иликтөө жүргүзүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224462

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.