Биздин жердешибиз Махабат Толобаева римдиктердин урпактарына боорсок жасап берет

  24.05.13   08:58
 727

Жумуш издеген кыргыз мигранттары дүйнө жүзүн кыдырып, төгөрөктүн төрт бурчунда бүйүр алып, турукташып калышты. Керек болсо Италиядагы чакан мамлекет Сан-Маринодо дагы биздин мекендештерибиз ийгиликтүү иштеп жатышат. Жергиликтүү элдер кыргыздарды аябай эмгекчил калк катары таанышат. Себеби алардын көпчүлүгү мекенинен, эли-жеринен алыс болгонуна жана башка кыйынчылыктарга карбастан талыкпаган эмгеги менен анын үзүрүн көрүп жатышат.

"Капиталистик эмгектин ударниктеринин" бири "Бекка фикка" ("Бакча чымчыгы") ресторанындагы шеф-ашпозчунун жардамчысы Махабат Төлөбаева. Ал даамду равиоли, паста жана башка италиялык тамак аштардан сырткары, кээде ресторандын меймандарын оромо, боорсок жана башка кыргыз ашканасындагы татымдардан жасап берип, тамшандырат экен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224463

 Комментарийлер:
#1 Сарногоева Гульсана Италия–Кыргызстан
2013-05-24 13:25:57 Цитата / 0 / -

Махабатты сыйлайм,анткеним чындыгында жакшы адамдардын катарына кирет.Мисалы жакында Сан Маринодо болуп откон Кыргыздардын 2–чи Форумунда аткаруу комитетинде иштеген жердештерибизге аябай чон жардамын берди.Ошону менен бирге алыс жактан келишкен конокторгода тамак ашын камдап алаканын жайып тозуп алды.....

#2 Nazgulia Tolobaeva
2013-05-24 15:21:56 Цитата / 0 / -

Ооба, туура айтасыз Гулсана эже, Махабаттын эмгеги откон форумда эн салымдуу жана ото зор . Озунун ишинде милдетин аткарып форумга келип , кабагым кашым дебей делегат- коноктордунда конулун алып, Сан Маринонун да даамын таттырды, жергиликтуу жашоочуларынын бири болгондуктан коптогон адамдарды транспорт жагынан да камсыз кылды. Сан Марино Эле эмес Римини, Риссионе шаарларынан дагы жергиликтуу калктын да (италияндар жана башка улуттун окулдору) активдуу катышып, колунан келген жардамын корсоткону, бул дагы биздин Кыргыз кыздарыбыздын кадыр баркы ото жогоруу экенин далилдеп турат. Алга, Махаббат! Чон чон ийгилик!

#3 Nurgul Osmonalieva
2013-05-25 11:57:29 Цитата / 0 / -

Махабаттай кыздарыбыз коп болсо абдан жакшы болот эле ,мен Махабатты беш жылдан бери тааныйм, абдан жакшы адам ,кичи пейил ,боорукер ,колунан келген жардамын эч качан аябайт , ийгилик сага Махабат аман бол!!!!!

#4 Элмира Тезекбаева
2013-05-25 21:00:08 Цитата / 0 / -

Мага Махабаттын мунозу жакты.Ачык айрым, кабагым кашым дебеген азамат кыз экен. Ата Журттан алыс журсо да кыргыз дегенде ичкен ашын жерге коюуп, 2-форумду тартканы барган бизди КТРдин кабарчысы менен операторун, "Кечки Бишкектин" капбарчысы Азаматты машинесине салып алып, Римини менен Сан Маринону кыдыртып, тан атпай алып кетип, кеч куугумдо уйго жеткирип, италиялыктардын ата бабалары салып берген ийри муйру жолдорду кудум Шумахердей зуулдатып бизди тан калтырды. Ооба Махабатты "Бакча чымчыгында" иштегендер дагы абдан сыйлашат экен. Айрыкча анын кожейкеси Данаттелла да оз бир тууган синдисиндей коргонуно кубоо болдук. Ал жерден жон эле келип калбай Махаббатты кепке тартып, КТР ге тарта да келдик. "Кыйырдагы кыргыздар" корсотуусунун коркуно корк кошту. Кыргызстандын эртенки келечегин Махаббаттай синдилерибиз ондоп тузойт.

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.