Япония Кыргызстанга 10 гемодиализ аппаратын берет

  24.05.13   09:52
 312

Кыргызстандын Япониядагы элчилиги "Кагошима-Кыргызстан" япон ассоциациясы менен бирдикте кайтарымсыз негизде өлкөгө 10 гемодиализ аппаратын алым келүү маселеси боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай макулдашуулар президент Алмазбек Атамбаевдин Японияга баргандагы саясий, соода-экономика жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы экендигин айтылган.

Ошондой эле Кыргызстандын Япониянын Кагошима, Канагава жана Киото сыяктуу префектуралары менен болгон кызматташтыгы дагы өнүгүп жаткандыгы маалымдалган.

"Кыргызстандын элчиси Рысбек Молдогазиев Киотодо "Ниши Хонганджи" будда храмынын жетекчилиги жана Рюкоку университетинин кызматкерлери менен жолугуп, Кыргызстандын аймагындагы калмактардын эстеликтерин археологиялык иликтөөгө алууда япониялык адистердин дагы катышуусу тууралуу пикир алмашты", - деп жазылат маалыматта.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224467

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.