Волейбол: Жогорку лиганын лидери чемпионаттын аутсайдеринен утулду

  24.05.13   10:07
 285

Жогорку лигадагы командалары арасында волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионатынын төртүнчү күндөгү соңку турлар аягына чыкты. Кыргызстандын волейбол федерациясынын билдиришкендей, Жогорку лиганын лидери Жалал-Абаддык "Жаштык-Сузак" чемпионаттын аутсайдери Оштук "Жаш-Күч" командасынан тепки жеди.

Старттык партияны оштук волейболчулар 25:19 эсеби менен утуп алышты. Экинчи менен үчүнчү партияны лидер өз колунан чыгарган жок, бирок акыркы эки партияда "Жаш-Күч" кайрадан ийгиликке жетишти. Натыйжасында матчтын эсеби 3:2.

Чемпионаттын экинчи күнүндө нарындык "Теңир-Тоо" "Дарханды" жогорудагыдай эле 3:2 эсеби менен утуп чыкты.

Аутсайдерден утулганына карабастан "Жаштык-Сузак" 24 упайы менен дагы деле Жогорку лиганын алдында келе жатат. Экинчи орунда 22 упайы менен "Теңир-Тоо" болсо, андан бир упай артта "Дархан" бар. Төртүнчү орунда Чаткал отурукташса, акыркыдан "Жаш-Күч" орун алды.

Мелдештин акыркы күнүндө "Теңир-Тоо" менен "Жаш-Күч" жана "Чаткал" менен "Жаштык-Сузак" күч сынашат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224470

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.