ӨКМнын офицери акча каражаттарын өндүрүп алгандыгы үчүн кармалды

  24.05.13   10:53
 278

ӨКМнын тоо куткаруучу кызматынын командири акча каражаттарын өндүрүп алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ӨКМнын 1970-жылы туулган офицери кызматтык абалынан пайдаланып, аскер адамдарына бир жолу берилүүчү сыйлыкты мезгил-мезгили менен алып турган.

Ошондой эле ал, ӨКМга тиешелүү болгон курулуш материалдарын жана автоунаа тетиктерин менчиктеп алган.

13-майда Балыкчы гарнизондук прокураткрасы Кылмыш жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Учурда келтирилген чыгымдар такталып, тергөө жүрүп жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224474

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.