Футбол: аялдар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстан Вьетнам менен беттешет

  24.05.13   10:48
 314

Бүгүн, 24-майда, Кыргызстандын айымдар курама командасы Азия-2014 чемпионатынын тандоо турундагы экинчи матчын өткөрүшөт. Азия футбол конфедерациясынын билдирүүсүнө ылайык, кыргызстандыктар Вьетнам курама командасы менен Манама шаарындагы Улуттук стадионунда беттешет.

Эске салсак, тандоо туруна болгону 16 команда катышып жатат, алар ич ара төрт группага бөлүнүшкөн. Кыргызстан В группасында Вьетнам, Гонконг жана Бахрейндин курама командалары менен ойнойт.

В группасынын турнирдик таблицасында Кыргызстан үчүнчү орунда турат. Группанын лидерлигине Кыргызстандын бүгүнкү атаандашы Вьетнам чыкты. Ал өзүнүн биринчи оюнунда Бахрейнди чоң ажырым эсеби менен утуп чыккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224475

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.