Жалалабаддык атажуртчулар Ташиевге "Шаардын ардактуу жаран" наамын ыйгарышты

  24.05.13   11:08
 262

Жалал-Абад шаардык кеңештеги "Ата-Журт" партиясынын сегиз өкүлү өздөрүнүн куугунтукталган лидери Камчыбек Ташиевге "Ардактуу жаран" наамын ыйгаруу талабын коюшту. Башка партиядан депутаттар алгач таңыркап калышты, деп көргөндөр баяндашты.

Бирок чогулгандарга, алардын Сузак районундагы кесиптештери кыйла чечкиндүүрөк болуп, сессия учурунда Ташиевге бюст коюну кабыл алынгандыгы эске салынды. Анын кичи мекениндегилер бийликтин ар тараптуу бут тосууларына карабастан, дагы деле Ташиевди сыйлаганын айгинелешет. Ушул далилдер чогулгандарды ынандырды окшойт, алар Камчыбек Ташиевди шаардын ардактуу жараны кылууну чечишти.

"Өз абийирлерин сактап калуу үчүн КСДПнин депутаттары, эми оңтойсузданып, коалициянын кызыкчылыгы үчүн гана добуш бергендерин бир ооздон айтып жатышат. "Жакшы уруштан көрө, жаман болсо да тынчтык болсун" дегенбиз. Анын үстүнө, "Ардактуу жаран" деген наам эбак эле дискредитацияланган. Учурда бул наам оңду-солду таратылып жатат. Тиги же бул жаран кайсы салымы үчүн берилгени эчкимди кызыктырбайт", - деп "ВБ"нин жеке булактары билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224477

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.