Сотторду тандоо кеңешинин ачыктыгын жогорулатуу үчүн Бишкекте тегерек стол өтөт

  24.05.13   11:32
 286

Бүгүн, 24-майда Бишкекте "Сотторду тандоо кеңешинин ишмердигинин ачыктыгын жогорулатуу" деген темада тегерек стол өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө аймактардагы коомдук кабылдамалар иштеринин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар менен тааныштырат жана "Кыргызстандын юристеринин Ассоциациясы" коомдук уюму негиздеген Сотторду тандоо кеңешинин ишмердигинин ачыктыгын жогорулатуу долбоорунун жыйынтыктоочу отчёту угулат.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкерлериди тандап алуу боюнча сынак жүрүп жатат. Бул долбоордун негизинде сунуштар, сындар жана доо арыздар үчүн коомдук кабылдамалар ачылган.

Жыйынтыгында 60 арыз, 52 жакшы мүнөздөмө келип түшкөн. Алар сотторду тандоо кеңешине, соттор кеңешине жана президенттин аппаратына жөнөтүлгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224478

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.