Замир Сүйөркулов: Аскер бөлүмдөрүндө диний бирикмелер жок

  24.05.13   11:47
 270

"Былтыр коргоо министрлигинин атайын эсебинин каражатына 50-батирлүү үй салынган. Ал аскер кызматкерлерине берилди", - деп аскер кызматкерлеринин статусу тууралуу мыйзамга оңдоолорду киргизүү талкууланып жатканда, коргоо министри Замир Сүйөркулов "Ата Мекен" фракциясынын депуттарына кабарларды.

Анын айтымында, аскерлерди турак жай менен камсыздоо маселеси акырындык менен чечилип жатат.

Депутат Наталья Никитенко кыйынчылыктар көбүн эсе региондорго командировкага жөнөтүлгөн аскер кызматтарында бар экенин белгилей кетти. "Силер Бишкекте үй сала бересиңер, реиондордо турак жай менен камсыздоо көйгөйү кандай абалда? Мисал үчүн аскер кызматкерин Баткенге жөнөттү дейли, бирок анын үй-бүлөсү үй менен камсыздалбайт", - деди Никитенко.

Андан кийин депутат аскер бөлүмдөрдө диний уюмдар бар экени чындыкка туура келеби деп суроо узатты. Сүйөркулов, мындай факты жок деди. Бирок, Никитенко бул маселени дагы бир ирет жакшылап текшерип көрүүнү суранды. Ага келген маалыматтарга ылайык, аскер бөлүмдөрдө диний бирикмелер бар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224481

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.