Депутат солдаттарды кыйнап добуш бердиргендердин жоопкерчилигин сурап кызыкты

  24.05.13   12:09
 304

"Аскер жетекчилигинин буйругу талкууланбайт. Солдаттарды күчкө салып тигил же бул партия үчүн добуш бердирткен командирлер кандай жоопкерчиликке тартылат?" – деген суроону бүгүн, 24-майда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Асия Сасыкбаева коргоо министринин орун басары Замир Суеркуловуго узатты.

Ал эски бийлик учурунда солдаттарды "Ак- Жол" партиясы үчүн добуш берүүгө мажбурлаган фактыларга күбө болгондугун айтты.

"Керектүү партияга добуш чогултуу үчүн бийлик ар дайым солдаттарды колдонуп келген. Сиздер аскер адамдары өз эрки менен добуш бериши керек дегениңиздер менен алардын андай укутары жок. Анткени аларга жогору жактан буйрук беришет. Ушундай жолго барган командирлер жазага тартылабы?" – деди Сасыкбаева

Министрдин орун басары аскер адамдарынын статусу жөнүндө мыйзамда андай чара жазылбагандыгын айтты. Бирок, мындай фактылар катталса юридикалык башка документтерге ылайык жазага тартыла тургандыгын убада кылды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224482

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.