Атажуртчулардын адвокаттары отурумду жабырлануучулардан көрсөтмө албоону өтүндү

  24.05.13   13:11
 306

Бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык сотунда "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдордун иши боюнча соттук отурум учурунда, алардын адвокаттары суракты айыпталуучулардан баштоону өтүндү.

Коргоочулар жабырлангандар буга чейин айыпталуучуларга эч кандай доо арызыбыз жок деп берген көрсөтмөлөрүн өзгөртүүсүз калтыргандыктан, суракты айыпталуучулардан баштоо зарылдыгын айтышты.

Өз кезегинде айыпталуучу Жапаров: "Эгерде жабырлангандар шашып жатышса биринчи көрсөтө берип кете беришсин, биз акырында берели", - деген пикирин билдирди.

Тараптардын сунуштарын уккан соң Бишкек шаарыдык сотунун соттук коллегиясы угууну кезеги менен баштоо чечимин кабыл алды. Биринчи айыпталуучулар, жабырлангандар жана күбөлөр суралат

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224483

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.