Юстиция министрлиги: Кыргызстан биометрикалык паспортторду өзү даярдай алат

  24.05.13   13:09
 299

Бүгүн, 24-майда "Ата Мекен" фракциясы жаңы үлгүдөгү мамлекеттик документтерди даярдоо жана жеткирүү боюнча ачык инвестициялык конкурс өткөрүү жана мамлекеттик маанидеги документтерди персонификациялоо бирдиктүү мамлекеттик борборун түзүү, Мамлекеттик каттоо кызматынын структурасындагы Улуттук маалымат системасындагы базалык маалымат ресурстарын калыптандыруу боюнча маселени карайт.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов мамлекет өзү элдин каттоосун түзө алаарын айтты. Анын айтымында, Казакстан беш жыл аралыгында регистр түзүп чыккан. "Бирок алар кеңеш алыш үчүн чет элдик эксперттерди чакырган. Ал эми биометрикалык паспортторду даярдоону өзүбүз ишке ашырсак болот",- дейт министр.

Атамекенчи Эркинбек Алымбеков паспорт даярдоо "кирешелүү иш" экенин айтты. "Ар кайсы компанияны күтүп олтурбай өзүбүз паспорт даярдаганыбыз жөн",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224484

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.