Айыл чарба министрлиги "Росагролизингдин" техникасын тандап алат

  24.05.13   13:14
 301

Бүгүн, 24-майда биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев "Лизингди агрардык тармактын өнүгүү куралы катары өнүктүрүү" деген аталыштагы II Бишкек лизинг форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Форум эл аралык "Айыл Агро-2013" агро өнөр жай көргөзмөсүнүн ишкер бөлүгү болуп эсептелет.

Оторбаев лизинг куралы иштеп башташ үчүн мамлекетке 10 жыл талап кылынганын белгилеп өттү. "2011-жылга чейин лизинг операцияларынын көлөмү 2 млн доллардан ашкан эмес, 2011-жылы ал - 5 млн, 2012-жылы - 7 млн долларды түздү. Бул цифралар каржы институттары жана фермерлер долбоордун пайдалуу экенин түшүнө баштаганын көрсөтүп турат. Айыл жергесинде биздин өлкөнүн атуулдарынын басымдуу бөлүгү жашайт жана аларга айыл чарба техникалары керек",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224485

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.