Депутат паспорттордун санын кыскартууну сунуштады

  24.05.13   13:15
 310

Бүгүн, 24-майда "Ата Мекен" фракциясынын отурумунда депутат Райкан Тологонов ички паспорт ID-карттарды кыскартууну сунуштады.

Мындай демилгени ал чет өлкөдө жарандар бирден гана паспортко ээ экендиги менен түшүндүрүп берди.

"Бизге ID-карттын эмне кереги бар? Айдоочулук күбөлүк дагы эң маанилүү доумент, бирок аны олуттуу кабыл алышпайт. Сиздер Кыргызстанда ички жана чет өлкөлүк паспорттор өтө көп деп ойлобойсуздарбы? Келгиле, текшерүү жүргүзүп ашыкча документтерди жок кылалы. Антпесе ар бир паспорт алган сайын эл толгон-токой документтерди толтурат. Бирок ал кийин колдонулбайт ", - деди депутат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224486

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.