Датка электр линиясы жумушчу сыноодон ийгиликтүү өттү

  24.05.13   13:17
 277

""Датка" подстанциясынын жана андан тараган электр берүү линияларынын курулушу- бул абдан зор ийгилик", - деп баса белгиледи "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев.

"Курулушка баардык күч жумшалды. Подстанция бир жыл ичинде курулуп бүттү. Апрелде Күрпсай ГЭСинин 220 кВ линиясынын бир бөлүгү курулду. Эми коңшулаш Өзбекстандан тартылган 500 кВ линиясы ийгиликтүү аяктады.

Түмөнбаев ошондой эле объектин мамлекеттин биринчи адамдарынын катышуусунда салтанаттуу ишке кириши кийинчерээк болоорун айтты.

"117,3 чакырымдык линия чыңалууда, баары жайында. Жумушчу сыноо ийгиликтүү өттү",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224487

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.