Кыргызстандын хоккеистерине Канада колдоо көрсөтөт

  24.05.13   13:29
 292

Канада жана Россиянын хоккей федерациясынын жетекчилери Кыргызстандын хоккеистерине техникалык колдоо көрсөтөөрүн убада кылышты. Бул тууралуу Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Рамис Токталиев билдирди.

Ал анын канадалык кесиптеши Боб Николсон Бишкекке колдонулган хоккейдик аммунициясы салынган 40 футтук контейнерин жиберерин айткан. Кыргыз машыктыруучулары жана калыстарына да даярдоочу семинарларды өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

"Бүгүнкү күндө бизге 300 балдардын жана 200 чоңдордун хоккей экипировкасы абдан зарыл. Азырынча адистешкен машыктыруучу жана калыс дагы жок. Бирок океандын ары жагындагы достор бизди жардамсыз калтырбайт деген ойдомун. Кыргызстандагы хоккейге аларды мамилеси жакшы. Ошондой эле бизге РФтин хоккей Федерациясынын президенти Влаислав Третьяк да жардам көрсөтөөрүн билдирген. Бирок биздин сүйлөшүүлөргө Россиянын курама командасынын дүйнөлүк чемпионатта ийгиликсиз ойногону жолтоо болду. Ошентсе да Владислав Александрович бизге үй телефонун берип, кийинки жумада байланышуусун суранды", - деп Токталиев айтып берди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224492

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.