Бишкекке троллейбустардын жеткирилүүсү убактылуу токтотулду

  24.05.13   13:54
 262

Бишкек троллейбус башкармалыгынын (БТБ) жетекчилери электр-унаалардын сапаты боюнча өндүрүшчү-заводуна нааразычылыгын билдиришкен. Бул тууралуу "ВБ"га БТБнин директорунун орун басары Павел Проподимов кабарлады.

Ал нааразычылыктар Вологда заводунан чыгарылган троллейбустарга гана тиешелүү экенин тактады. Ал унаалар жашыл түскө боелгон.

"Биздин өнөктөшүбүз айтылган бардык нааразычылыктарды кабыл алып, учурда кемчиликтерди оңдоонун үстүнөн иштеп жатышат. Айтылган троллейбустарды Бишкекке жеткирүү июнь айынан тартып кайра жанданат. Учурда Вологда шаарынан 6 троллейбус келип, дагы 34ү күтүлүүдө. Ал эми Саратов олбусунун Энгельс шаарынын өндүрүшүнөн чыккан троллейбустарга эч кандай арыздануу жок. Алар көк, ак түскө боелгон", - деди Проподимов.

Анын айтымында, алардын ишканасында башка маселе пайда болду – бул айдоочулардын кескин түрдө жетишсиздиги. Учурда 50 вакансия бар, бирок аны кантип толтуруу керектигин троллейбусчулар билбей жатышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/224495

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.